Жаңылыктар
Кыргызстан - Россия кызматташтыгы
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан - Россия кызматташтыгы

Кыргызстан менен Орусия стратегиялык өнөктөш өлкөлөр. Ага жараша кызматташтыктын бардык багыттары - саясий, экономикалык, маданий гуманитардык алакалар жолго коюлган. Адистер, өз ара кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарып, тереңдетүүгө бардык зарыл шарттар бар экенин айтышат. 

Орусия Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө биринчи орунду ээлейт.
Биздин өлкөгө отун энергетикалык ресурстардан тартып, тамак аш азыктары, айыл чарба продукциялары кара металл жана текстиль товарлары ташылат. Ошондой эле, экспортко эт, сүт, баштаган тамак аш азыктары, түстүү металл жана транспорт каражаттарынын тетиктери келет. Соода сатыктын көлөмү пандемияга карата бир аз солгундаганы менен, негизги көрсөткүчтөр өз калыбында.
 

Орусия менен билим берүү жаатындагы кызматташтыкка да өзгөчө көңүл бурулган. Азыркы учурда 16 миңге жакын кыргыз студенттери Орусияда билим алып жатышат. Жылына 400 орун бюджеттен бөлүнүп, бул квотаны алдыда дагы көбөйтүу пландары бар. 

Ушул жылдын март айында Орусия өкмөтүнүн каржылоосу менен Кыргызстанда жалпы жонунан 9 жаңы мектеп куруу боюнча сүйлөшүүлөр орун алды. Азыркы учурда билим берүү мекемелеринин долбоору даярдалууда. Мектептер эл аралык стандарттарга ылайык салынып, окутуу ыкмасы да заманбап талаптарга төп келмекчи.

Азыркы учурда Орусияда 1 млнго жакын кыргыз жарандары иштеп, жашап жүргөнү маалым. Алар үчүн да жумушка орношуу, билим алуу жана башка зарыл шарттардын бардыгына жеңилдиктер берилген. 

Эки өлкө Евразия экономикалык биримдиги, Жамааттык коопсуздук келишим уюму жана Шанхай кызматташтык уюму, көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги баштаган бир катар эл аралык уюмдарда мүчө жана бул багытта тыгыз кызматташып келе жатат. Өлкө жетекчилери буга чейин түзүлгөн кызматташтык алакаларын мындан ары тереңдетүүнүн үстүндө иш-аракеттер токтобой турганын белгилеп келишет.