Жаңылыктар
Акимдерди ротациялоо - учур талабы
Кыргызстан жаңылыктары
Акимдерди ротациялоо - учур талабы

Кыргызстанда жалпысынан 37 райондун акими жаңы дайындалды. Алардын арасында иштеп жаткан 19 аким башка райондорго которулуп, 18и кызматтан алынды. 

Алардын ордуна аймактык кадрлар резервинде турган кадрлар тандалды. Акимдерди ротациялоо "Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндөгү" жарлыкка ылайык жүргүзүлдү. Анда мындай чечим коррупцияны жоюу, жергиликтүү администрация башчыларынын ишинде бейтараптыкты камсыз кылуу максатында кабыл алынганы айтылат. Кыргызстанда 495 айыл өкмөттүн башын кошкон 44 район бар.

Мурда иштеп жаткан 18 аким башка райондорго которулса, арасынан бирөө гана Жумадилла Жапаров кадрдык резервден тандалды. Деген менен Ак-Талаа районунун жаңы акимине районду жетектөө иши бөтөн жумуш эмес. 2020-жылдын аягына чейин Чоң-Алай районун 5 жарым жыл жетектеп турган.

Жумадилла Жапаров сыяктуу жаңы дайындалган район башчылары ишке киришерден мурун министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жумушчу кеңешме өткөрдү. Жаңы орундарга кайра дайындалган акимдерди куттуктоо менен бирге, жаңы кадр саясатынын негизги милдети мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жеткиликтүүлүктү акыйкат камсыз кылуу, дискриминацияга жол бербөө жана мамлекеттик кесипкөй аппаратты түзүү экенин белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы акимдердин алдына коюлган олуттуу милдеттер катары райондорду өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу, инвестицияларды тартуу жана ишкерлерди коргоо ошондой эле өндүрүш жана айыл чарба тармагына көңүл буруу тапшырмасын койду. Мындан сырткары азык-түлүк коопсуздугун камсыздоону, инфраструктураны өнүктүрүү жана COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалды дыкат көзөмөлгө алууну тапшырды.

Акимдерди совет мезгилиндегидей ротациялоо элдин биримдигин, аймактарды башкаруунун натыйжалуулугун гана арттырат. Биринчиден, элдерди аралаштырат, бөлүнүүчүлүк, трайбалисттик көрүнүштөргө бөгөт коюуга түрткү берет. Экинчиден, акимдердин кандайдыр бир кландык, тамыр-сөөктүк топторго кызмат кылуусуна, же ошондой топтордун башчысына айлануусуна жол бербейт- дешет адистер.

Район акимдерин ротациялоо «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» жарлыкка ылайык жүзөгө ашкан. Мамлекет башчысынын демилгеси менен аймактардагы кызыкчылыктардын кагылышын, коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, жергиликтүү администрация башчыларынын ишинде бейтараптыкты камсыз кылуу максатында облустардагы район акимдерин ротациялоо чечими кабыл алынган.