“Кыргызалтын” ишканасы “Центерранын” билдирүүсүн четке какты. Канадалык компания “Кыргызалтын” 29 миллион долларды күмөндүү банктык эсепке которууга аракет кылды деп айыптаган. “Кумтөргө” байланыштуу талаш токтой элек. Кыргызстан “Центеррага” бир катар талаптарды коюп, аларды аткарууга 31-августка чейин убакыт берилээри кабарланган.
Буга чейин “Центерра” “Кыргызалтын” 29 миллион долларды үчүнчү жакка жасалма документ колдонуу менен которууга аракет кылды деп айыптаган. Компания каражатты ала турган тараптын банктык эсеби кимге таандык экени көрсөтүлбөгөнүн, күмөндүү болгонун билдирген эле. “Кыргызалтындын” бул аракети 12-майда жасалганы айтылган. Бирок ишкана “Центерранын” мындай айыптоосун төгүндөгөн билдирүү таратты.
Кыргызстан менен “Центерранын” ортосундагы талаш токтой элек. Компания “Кыргызалтындын” акцияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн чектеген. “Кумтөргө” тышкы башкаруучу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүктү сотко берип, аны директорлор кеңешинин мүчөсү болуп турган учурда компаниянын кызыкчылыктарына каршы иштеди деп айыптаган. Бирок Бөлтүрүк “Центеррага” эмес, андагы акциялардын ээси “Кыргызалтынга”, Кыргызстанга кызмат кылаарын билдирген эле.
Кыргызстан "Кумтөрдү" өз алдынча башкара алабы? деген маселе алгачкы жолу көтөрүлүп жаткан жок. Бул ирет ишкананын жаңы жетекчилиги жергиликтүү адистердин кесипкөйлүгүнөн күмөн санабоого чакырып, болгону кыянаттык менен атайылап өчүрүлгөн технологияны жөнгө салуу ишти жеңилдетерине ишендирди.