Жаңылыктар
Акимдердин ротациясы - аймактык бөлүнүүдөн арылтат
Кыргызстан жаңылыктары
Акимдердин ротациясы - аймактык бөлүнүүдөн арылтат

Айта кетсек, акимдердин алдында райондорду өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу, инвестицияларды тартуу жана коргоо, райондордогу өнөр жай өндүрүшүн жандандыруу, айыл чарбаны өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн потенциалын жогорулатуу, санариптештирүү, COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө сыяктуу олуттуу милдеттер турат.

Саясий талдоочу, Эрлан Камаловдун пикиринде, район башчыларынын ротацияланышы - узак жылдар бою калк арасында сиңип калган жердешчилик, аймактык бөлүнүүлөрдөн, коррупциядан арылууга алып барчу кадам. Атаандаштык бар жерде сөзсүз, өсүп-өнүгүү, өзгөрүү болот. Аймактык кадрлар резервин күчтөндүрүү менен мамлекетчил көз караштагы менеждерлердин жаңы муунун тарбиялоого мүмкүнчүлүк жаралат. 

Ал эми, ийгилик менен натыйжа жаратууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жаңы механизмдер талап кылынат. Район жетекчилеринин укуктарын көбөйтүү менен жоопкерчилигин да эстен чыгарбоо шарт. Жаңыланууга жол ачкан бул кадамды эми, адистер башка да тармактарда көргүлөрү келээрин айтышат.

Мамлекет башчынын жарылыгына ылайык, Ош облусундагы 7 райондун башчысы алмашты. Мунун экөө аймактык кадрлар резервинен дайындалды. Мартта өткөн район акимдерин менен орун басарларынын ишин баалоодо дубандагы 4 мамлекеттик кызматкер ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт деп табылган.

Акыркы октябрь айындагы окуялардан кийин, калкынын саны эң көп делинген Ноокат менен Кара-Суу райондоруна аким дайындала элек болчу. Ош облусундагы 7 район 3 шаарда жалпы: 484 калктуу конуш же, 1млн.183 миңден ашуун жаран жашайт.