Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Кыргызстандагы эстрада ырчылары менен жолукту.
Жолугууга тармактын эл артисттери, эмгек сиңирген артисттер жана жаңы өсүп келе жаткан жаш муундун өкүлдөрү катышты. Жыйындын алкагында эстрада жанры боюнча эл аралык сынактардын жандандыруу, окуу жайлардагы эстрада бөлүмдөрү окутуу программалары талкууланды. Кайрат Иманалиев жолугушуу учурунда эстрада тармагынын өкүлдөрүнө буга чейин тиешелүү көңүл бурулбай келгендиги, мамлекеттик сыйлык маселелери, эл аралык деңгээлдеги вокалисттердин фестивалдарында Кыргызстандын атынан катышуу, автордук укук маселелер жаатында ой бөлүшүп, Маданият министрлиги менен тыгыз байланышта иш алып баруу демилгесин көтөрдү.
Эстрада тармагы маданияттын жана искусствонун ажырагыс бир бөлүгү катары экендигин барыбызга белгилүү. Бул тармактын түзүлүү тарыхы бар. 2022-жыл кыргыз эстрадасынын түптөлгөнүнө 55 жыл толот. Андыктан, эстрада өкүлдөрүнүн башын бириктирген “Эстрада ишмерлеринин союзу” түзүлгөндүгү тууралуу маалымдашты.