Жаңылыктар
ДССУ: Саякаттоону токтото туруңуз
Дүйнө
ДССУ: Саякаттоону токтото туруңуз

COVID-19 дагы деле болсо коркунучтуу, ошондуктан адамдар мүмкүн болушунча чет өлкөгө чыкпай турушу керек. Мындай пикирди Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа бөлүмүнүн башчысы Ханс Клюге билдирди. Мындан тышкары ал ДССУнун маалыматы боюнча, COVID-19га каршы вакциналар белгилүү болгон бардык штаммдарга каршы иштей тургандыгын кошумчалаган.

COVID-19га каршы вакциналар белгилүү болгон бардык штаммдарга каршы иштейт. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди. ДССУнун Европа бөлүмүнүн башчысы Европада COVID-19 инфекциясынын очоктору сакталып кала берерин, эгер бийлик этияттык чараларын көрбөсө, тездик менен жайылышы мүмкүн экендигин белгилеген.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Европада COVID-19инфекциясынын жаңы учурлары жумалык саны апрель айынын ортосунда 1,7 миллиондон 685 миңге чейин кыскарган, бул бир айдын ичинде 60% га аз дегенди билдирет.