Жаңылыктар
Индияда COVID-19 инфекциясынын жаңы SARS-CoV-2 мутациясы аныкталды
Дүйнө
Индияда COVID-19 инфекциясынын жаңы SARS-CoV-2 мутациясы аныкталды

Дүйнө коронавирустан баш көтөрө албай жатканда ал оорунун жаңы түрү да чыга баштады. Айтсак Индияда 2020-жылдын аягында COVID-19 инфекциясынын жаңы SARS-CoV-2 мутациясы аныкталып, ал башка вирустарга караганда эки эсе тездик менен жайылышы мүмкүн экени айтылган. 

Абал дарыгерлерди бушайман кылып жатканда эми көк дат аталышындагы коронавирустун өтүшкөн түрү убайга салды. Адистер мунун алдын алуунун бир гана жолу илдетке каршы вакцина алуу дешет.

Кээ бир өлкөлөр киргизилген карантиндик чектөөлөрдү жеңилдетип баштаса дагы, коронавирустун Индиядагы түрү тынчсызданууну күчөтүүдө. 2020-жылдын декабрь айынын башында Индияда биринчи SARS-CoV-2 мутациясы аныкталган. Бирок, ушул жылдын башында эле, экинчи штамм басымдуулук кылган. Британиялык окумуштуулардын көпчүлүгүн Индиядагы коронавирустун экинчи түрү тынчсыздандырып жатат.

Экинчи индиялык штамм Англиянын түндүк-батышында тездик менен жайылып жатат. Адистер белгилешкендей, бул коронавирустун түрү эмдөөнү өтө аз алган жаштар арасында көбүрөөк жайылууда.

Көптөгөн окумуштуулар Индиядагы коронавирустун түрү тез арада башка өлкөлөргө жайылышы мүмкүн деп эсептешет.

Илимпоздордун айтымында, калк арасында кеңири эмдөө жүргүзүп, индиялык штаммды ооздуктоого болот.