EАЭБтин талаптарына жооп берген ветеринардык лабораторияны Кыргызстан өзү курат. Бул туурасында Президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарында журналисттер жана саясат таануучу эксперттер менен жолугушуу учурунда билдирди.
Өкмөт үстүбүздөгү жылдын 1-августунда чек арадагы ветеринардык тосмолорду алып салууну пландаган.
Бирок турмуш көрсөткөндөй андай болгон жок.
Жакында эле EАЭБтин бул багыттагы комиссиясы Кыргызстанда болуп эпизотиялык абал боюнча оң баасын берип кеткен.