Жаңылыктар
Кыргыз - тажик мамлекеттик чек арасында убактылуу чектөөлөр киргизилди
Чек ара
Кыргыз - тажик мамлекеттик чек арасында убактылуу чектөөлөр киргизилди

Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен мамлекеттик чек арасында убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет. 

Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы чечимине ылайык, Тажикстандын жарандарына Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө чыгуусуна, жүрүүсүнө жана транзит менен өтүүгө убактылуу чектөөлөрдү киргизди. Андан тышкары, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Кулунду», «Кайрагач», «Кызыл-Бел», «Бордобо» жана «Карамык» бекеттери аркылуу жүк ташууга да чектөөлөр киргизилди, - деп айтылат маалыматта. 

Убактылуу чектөөлөрдүн айрым жагдайларга тиешеси жок. Кыргызстан менен Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү; чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери, эл аралык уюмдардын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын расмий адамдары тиешелүү органдар менен алдын ала макулдашылгандан кийин гана. УКМКнын Чек ара кызматынан кошумчалашкандай, Тажикстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары же болбосо, Кыргызстандын аймагында жүргөн Тажикстандын жарандары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара бекети аркылуу өтүп кете алышат.