Жаңылыктар
Атамбаев: бийликте калууну самасам, башкача референдум өткөрмөкмүн
Саясат
Атамбаев: бийликте калууну самасам, башкача референдум өткөрмөкмүн

Президент Алмазбек Атамбаев 1-августта Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда  өлкө журналисттери, саясатчылар жана белгилүү эксперттер менен жолугушту.  Үч саатка созулган  жолугушууда   мамлекет башчы  40тан ашуун суроолорго  жооп берди.

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдиин катышуусунда өткөн  жыйында  маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн  социалдык, саясий , экономикалык жааттагы  бир катар  маселелер  кызыктырды.  Атап айтканда,  мамлекет башчыга  референдум,  кыргыз-түрк  мамилелери, ГЭСтердин , жолдордун  курулушу  боюнча    суроолор   берилди.   Азыркы учурда  Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча Референдум дайындоо маселеси коомдук талкууга коюлду. Дал ушул  багытта  берилген суроого  жооп берип жатып, Президент   азыркы учурдагы өзгөртүүлөр Кыргызстанды мурдагыдай жагдайларга эч ким кайрып бара албастыгы үчүн керектигин белгиледи.   

“Конституциядагы  азыркы  өзгөртүүлөр  Кыргызстандын  мурдагыдай  жагдайларга  кайрылып  барбастыгы, өлкөнүн келечегине коркунуч жаралбас  үчүн  керек.   Албетте,   андан “миналар” алынат. 41-берененин 2-абзацы алынат. Кыргызстанда башка дүйнө жүзүндө Жогорку соттун чечимин БУУнун комитетинин өзгөртүп коюусу  эч бир өлкөдө жок. БУУнун чечимин дайыма объективдүү дегендер жаңылышат. Чындыгында ал жакта саясый чечим кабыл алынат. Учурдагы Башмыйзамдын  авторлору 41-беренени БУУнун комитеттерине белекке берип коюшкан.  Биз  Баш мыйзамды   кимдир бирөөнүн ажыдаар болуп калбашы үчүн өзгөртөбүз”.

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү ишке ашкан шартта азыркы парламент таратылбай турганын жана премьер-министрлик кызматка  баруу оюнда жок экенин да кошумчалады.

“Сайттардан Атамбаев өз колунан   бийликти  чыгарбоо  аракетин  көрүп ,  премьер-министр болуш үчүн ушуну жасап жатат дегендерди окуп жатам.  Мен бийликте калууну кааласам, парламентсиз эле  башкача референдум өткөрмөкмүн. Баш мыйзамда  да мындай мүмкүнчүлүк бар ,  300 миң добуш топтоо эле жетиштүү болмок.  Мага  азыртадан эле элдерден бийликте калуумду суранган каттар келип жатат”.

Маалымат   жыйында  Алмазбек Атамбаев Түркия бийлигинин Кыргызстанга карата айткан пикирлерин сындап, башка мамлекет Кыргызстанга кайсы бир шарт менен жардам бербеши керектигин  айтты:

“Кыргызстан көз карандысыз мамлекет. Бизге эмне керек жана эмненин кереги жок , аны  өзүбуз чечишибиз керек.  Эгер кимдир-бирөо бизге жардам берсе, шарт  койбой , дооматын артпай жасашы керек.  Ооба, бизде оор күндөр болгон. Мен аны жашырбайм. Мен президент  жана  бир жыл  өкмөт башчы болуп турганда  4 миллиард  долларлык грант табууга жетишкем, анын 3 миллиарды өлкөгө которулган.   Ал мезгил артта калды.  Бизге жардам берген ал өлкөлөргө ыраазыбыз.  Бирок, бизге  көрсөтмө  берүүнүн кереги жок. Биздин кичинекей өлкө экенибиз чын. Бирок биз эң эле байыркы дүйнө элдеринен болобуз”.

Ошондой эле көпчүлүктүн  көңүл  борборундагы   Балыкчы-Корумду жолунун курулушу  тууралуу  суроого  жооп берип  жатып, Көчмөндөр  оюнуна чейин жолдордун  казылып калган жерлери гана бүткөрүлөрүн айтты.  Калганы экинчи  Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынан кийин улантылат деди.  Ал эми ат майданы 25-августка чейин толук бүтүп,  КМШдагы эң чоң ат майданы деп таанылат. Мындан тышкары  Президентти Алмазбек Атамбаев паспорттогу «улуту» деген графаны алып салуу демилгесин колдой тургандыгын, чек ара  маселеси , “коопсуз шаар” долбоору   жана башка бир катар суроолорго жооп берди.

Эске салсак,  1-августта ,   Чолпон Ата шаарындагы    "Рух Ордо" комплексиндеги  Чыңгыз Айтматов атындагы жыйындар залында Президент Алмазбек Атамбаев  өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан олуттуу окуялар боюнча  журналисттердин суроолоруна жооп берди. Бул   жолугушууга жергиликтүү  маалымат каражаттарынын 40тан ашык өкүлү жана алты эксперт катышты.