Жаңылыктар
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 17 миллион доллар берет
Кыргызстан жаңылыктары
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 17 миллион доллар берет

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 17 миллион доллар берет. Анын тең жарымы грант катары бөлүнөт. Калганы 38 жылга 0,75% менен насыя катары берилет. 

Экономика жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, бул акча аймактарды өнүктүрүүгө, экономикалык жана социалдык инфратүзүм объектилерин колдоого жана коронавируска каршы күрөшүүгө жумшалат. 12-майда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы коронавируска каршы күрөшкө 20 миллион доллар берерин билдирген. Министр бул акчага “Кытайдын "SinoPharm" вакцинасын сатып алабыз” деп билдирген. Кыргызстанда Кытайдын "Sinopharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Анын алкагында орусиянын өндүрүшүнөн чыккан вакцина толугу менен сайылып бүтүп, экинчи өлчөмү гана калганы айтылды. 

Июнь айында "Asrta Zeneca" вакцинасынын 210 миң дозасы COVAX программасынын алкагында келери күтүлүүдө. Ошондой эле кыргыз өкмөтү Кытай менен Орусиядан да вакцина алуу тууралуу сүйлөшүп жатат.