Жаңылыктар
Жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелери мэрияга кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелери мэрияга кайтарылды

Бишкек шаарынын Ленин районунда жүргүзүлгөн прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен, баасы 28 млн 273 миң 693 сомду түзгөн жер тилкелери мэрияга кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. 

Алсак, Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары 2005-жылдын 16-мартында жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен “кызыл” сызык чегинен тышкары жайгашкан, Арча-Бешик жаңы конушундагы 5 жер тилкесин турак үй куруу үчүн мыйзамсыз түрдө жеке жактарга берип жиберишкен. 

Прокуратура көрсөтүлгөн жерлерге мыйзамсыз берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу жөнүндөгү прокурордук акты менен сот органдарына кайрылган. Кароонун жыйынтыгында доо арыздар толук канааттандырылып, жер тилкелери мамлекеттин менчигине алынды.