Жаңылыктар
Түркия 10 жылга артка кеттиби?
Дүйнө
Түркия 10 жылга артка кеттиби?

Түркиядагы аскердик академиялар жабылат. Буга өткөн айдагы төңкөрүш аракети себеп болду. Өлкө президенти аскердик окуу жайлардын ордуна коргонуу боюнча бирдиктүү улуттук университет түптөлөөрүн билдирди. Мамлекет Куралдуу күчтөргө кадр даярдаган мекемелерге көзөмөлдү күчөтүүнү көздөдү.

Түрк бийлиги өткөн айда болгон окуянын кайталанбашы үчүн көрүлгөн чаралардын бири катары эми аскердик окуу жайларга байланыштуу чечим чыгарды. Президент Режеп Тайып Эрдоган реформанын алкагында бардык аскердик окуу жайлар жабылып, ордуна коргонуу боюнча улуттук университет түзүлөөрүн жар салды. Ошондой эле аскердик госпиталдар Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өткөрүлөт. Түркиядагы аскерий окуу жайларда кыргызстандыктар да билим алып келишет. Саясатчы Феликс Кулов андагы окутуунун сапаты жогору экенин, реформа ага кедергисин тийгизерин айтат.

“Бул Түркиядагы аскердик кадрларды даярдоодо жоготуу алып  келет. Тажрыйба көрсөткөндөй окуу жай толук кандуу иштеп, программасын  калыптандырыш үчүн 10 жылдык убакытын сарптайт. Демек, бир кадам менен эле 10  жылга артка кетип жатат”.

Түрк бийлиги өткөн айда болгон аскердик төңкөрүш аракетин уюштурууга АКШдан баш паанек алган Фетхулла Гюленди айыптап келет. Серепчи Дмитрий Орлов анын таасири аскердик окуу жайларда да бар деген пикирде.

“Гюлендин тарбиялануучулары өз учурунда ар кандай окуу  жайларга өтүшкөн. Аскердик билим берүү жайлары да алардын назарынан алыс калган  эмес. Ошондуктан андай мекемелерде да гюленчилердин таасири орноп калышы толук  ыктымал. Буга чейин да окуу жайларды алардан тазалоо жүрүп келген. Бийлик  сунуштап жаткан түзүм кандай иштеп кетээрин айта албайм. Буга чейин Түркиянын аскердик окутуу системасы Европада алдыңкы сапта турган”.

Бул пикирге эксперт Аман Салиев да кошулат. Фетхулла Гюлендин таасири баардык тармактарда тамыр жайганын айткан ал, аскердик окуу жайлар анын көз жаздымында калышы мүмкүн эмес экенин белгилейт.

“Гюленге таандык желе АКШ менен НАТО башында турган  антисоветтик аракеттерге Түркия активдүү катышып жаткан учурда түптөлгөн. Анын  уюктары СССРдин аймагында жашыруун ачылып, советтик идеологияны алсыратуу  максатын көздөгөн. Андан бери тамырын терең жайып, Түркиянын өзүндө да, башка  өлкөлөрдө да таасири арткан. Мындай шартта аскердик окуу жайлар сыртта калышы  мүмкүн эмес. Жеке Гюлен тууралуу айта турган болсок, ал төңкөрүш үчүн туу гана болуп берет. Ал эми аны ишке ашыруу механизми НАТО менен бир катар батыш  өлкөлөрүнүн колунда”.

Түркиядагы аскердик окуу жайларда ондогон кыргызстандыктар билим алышууда. Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет аркылуу аталган өлкөдө 32 курсант, 12 лицей окуучусу жана 2 офицер билим алып жатышат. Мындан сырткары Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы, Улуттук Гвардия аркылуу кеткендер да бар. Окуу жайлар жабылгандан кийин алар билимин кайдан улантышаары азырынча кабарланган эмес.