Кыргызстанда "Балдар жөнүндө Кодекстин" жаңы редакциясын кабыл алуу кечеңдеп жатат. Анын кесепетинен калктын аярлуу катмарына кирген балдардын абалы оорлоодо. Мындай пикирди бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү билдирип, президентке, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылышты.
Айтымдарында, аталган кодекстин жаңы редакциясы балдарды балдар үйлөрүнө жана интернаттарга жиберүүнү жокко чыгарып, үй-бүлөлүк шартта балдарга кам көрүүнү камсыздайт. Ошондой эле үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоо үчүн социалдык кызматтарды түзүү процессин тездетүүгө жардам берет.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө интернат тибиндеги мекемелерде 10 миңден ашуун бала болсо, алардын 96 пайызынын атасы же энеси, болбосо толук ата-энеси бар.
"Жогорку кеңештин регламентине ылайык, Балдар кодексинин жаңы редакциясы менен биргеликте тиешелүү 17 мыйзамга түзөтүүлөр киргизилген мыйзамдар токтому кабыл алынышы керек болчу. Тилекке каршы, 2 жылдын ичинде бир топ мыйзамдар кабыл алынууда, бирок калктын эң корголбогон категориясы - балдарга көңүл бурулбай калган”,- деди "Балдардын укугун коргоочулардын лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова.