Жаңылыктар
Баткен облусунун макамы жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулаган кеңешме өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусунун макамы жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулаган кеңешме өттү

Баткен облусунун макамы жөнүндө мыйзам Баткен облусунун өнүгүүсүн аныктайт. Бул туурасында аталган облустуун макамы жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча кеңешмеде Министрлер кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдирди. 

Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Президенттин Баткен облусундагы атайын өкүлү катышты. Айбек Жунушалиев белгилегендей, «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзам долбоорун кароонун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары тараптан аны толуктап иштеп чыгуу зарылдыгы тууралуу конструктивдүү сунуштар айтылды. «Мыйзам долбоору киргизилген сунуш-пикирлерди эске алуу менен толукталып иштелип чыгат. 

Баткен облусун өнүктүрүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасын иштеп чыгуу пландаштырылууда. Депутаттардан жана тийиштүү мамлекеттик орган жетекчилеринен турган ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлөт», - деди Министрлер кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары. Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу Президенттин тапшырмасы боюнча башталган жана Министрлер кабинетинин 100 күндүк Программасына киргизилген. 2-апрелден 3-майга чейин коомдук талкуунун тийиштүү процедуралары өткөрүлгөн жана аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосунда.