Жалал-Абад – Маданият жолунун курулушу 23 пайызга аткарылды. Жумуштун жүрүшү графиктен артта калды. Аталган каттамды куруп жаткан “Азвирт” ишканасы курулушту ыкчамдатуу үчүн эки нөөмөттө иш алып барууну көздөп жатат. Курулуш иштеринин жүрүшү менен Евразия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү жеринен таанышып чыкты.
Ушул тапта Жалал-Абад – Маданият жолунун Сузак жана Базар-Коргон аймагында көпүрө куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор боюнча 9 көпүрө куруу каралган, учурда 4 көпүрөдө иш жасалууда. Көпүрөлөрдөн сырткары 123 аймакка жер алдынан өтүүчү суу кууру каралып, анын 100 гө жакыны бүткөрүлгөн.
Курулуп жаткан жолдун узундугу 67 чакырымды түзөт. Өткөн жылы 15 километр аралыкка асфальт төшөлгөн. Бул жылы 30 чакырымга асфальт басуу пландалууда. Аталган жолду Азербайджандын ишканасы куруп жатат. Сметалык баасы 64 миллион долларды түзөт. Каражат Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан грант түрүндө берилген.
Жалал-Абад – Маданият жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен Евразиялык стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү жеринен таанышып чыкты. Жумуштун сапатын көзөмөлдөө максатында келген топ курулуп жаткан жолдун көйгөйлүү аймактарында болду. Анда жолдорду реконструкциялоодо таасирин тийгизген курулуштарды көчүрүү маселеси да көтөрүлдү.
Аталган каттамдын курулушу 2018-жылы башталган. Келишим боюнча тендерден уткан “azvirt” ишканасы 36 айда жол кууру иштерин аягына чыгарыш керек болчу. Бирок жумуштун жүрүшү графиктен кечиккен. Ага өткөн жылдагы пандемиялык кырдаал таасир кылса, быйыл аба ырайынын жаан-чачындуу болушу ишти артка тартып жатыптыр. Ишкана Жалал-Абад – Маданият жолун 2022-жылдын июнь айына бүтүрөөрүн убадалап жатат. Бүгүнкү күндө жолдун курулушу 23 пайызга бүткөрүлгөн.