Жаңылыктар
Кечиккен кенемте төлөнүп берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Кечиккен кенемте төлөнүп берилет

Былтыркы жылы коронавирус пандемиясы учурунда өмүрүн тобокелге салган медицина кызматкерлери кызыл зонада иштеп, жүздөгөн мекендештерибиздин өмүрүн сактап жүрүп коронавирус илдетин жуктуруп алышкан. Өкмөт аларга кызмат ордунда жүрүп ковид-19 менен ооруп калганына байланыштуу, ар бирине 200 миң сомдон кенемте төлөп бермек болгон. 

Бирок, арыз берген үч миңден ашык кызматкердин документтерин атайын комиссия карап чыгып, алардын ичинен 1 миң 137 адамга гана кенемте төлөнсүн деген чечим кабыл алган. Бирок жалпысынан 925 адам компенсация алып, былтыр декабрда бөлүнгөн каражат түгөнүп калганына байланыштуу дагы 212 адамга акча жетпей калган. Саламаттык сактоо жана өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаевдин айтымында азыр кенемте албай калган кызматкерлерге ошол акчаны төлөп берүү боюнча токтомдун долбоору өкмөткө жөнөтүлдү. Эгерде Министрлер кабинети долбоорду колдоп берчү болсо кенемте алууну зарыгып күтүп жаткан медицина кызматкерлери мыйзамдуу төлөмдөрүн ала алышат.