Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын аскердик кызматташуу маселелери талкууланды.
25-майда коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин аскер атташеси полковник Абилдаев менен жолугушту. Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн коргоо ведомсвтволорунун ортосунда эки тараптуу аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланган.
Бул багытта Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы кол коюлган акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашуунун алкагында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө аскердик-техникалык жабдууларды жеткирүү кызматташуунун маанилүү аспектиси болуп саналат.Ошондой эле тараптар Казакстандын Коргоо министрлигинин аскердик окуу жайларында аскер кадрларын даярдоо маселесин талкуулашты.