Жаңылыктар
Тажикстандын айдоо аянттарын чегирткелер каптады
Дүйнө
Тажикстандын айдоо аянттарын чегирткелер каптады

Тажикстанда айдоо аянттарын чегирткелер каптап жатат.

Тажикстандын Айыл чарба министрлиги чегирткелер айдоо аянттарынын 84 миңге жакын гектар жерине жайылганын билдирди. Тажикстандык басылмалар жазып чыккан маалыматка ылайык, чегирткелер көбүнчө Хатлон районундагы эгиндерге коркунуч туудурган. Министрликтин алдында чегирткелерге каршы күрөшүү боюнча экспедиция иштеп жатат.

Алар учурда талааларды чегиртке басып кетпөө үчүн бардык чараларды көрүүдө. Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматы боюнча, чегирткелердин үйүрү да бир жылда 2,5 миң кишини тойгуза турган эгинди жок кылышы мүмкүн.