Жаңылыктар
Түрмөдөн качкандардын бири каза болуп, экинчиси кармалды
Кылмыш
Түрмөдөн качкандардын бири каза болуп, экинчиси кармалды

Молдовановка айылындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №27 мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 58 жаштагы жана 22 жаштагы эки жаран 25-майдан 26-майга караган түнү саат 02:40та башкы тосмо аркылуу качууга аракет кылышкан. 

Аталган кызматтан кабарлашкандай, түзөтүү мекемелерин коргоо жана камакта жаткандарды коштоп жүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери кыраакылыгын көрсөтүшүп, качууга аракет кылгандарды чектелген аймактан таап, эскертүү иретинде абага ок чыгарышкан. Андан кийин ок атуунун натыйжасында бири каза болуп, экинчиси кармалды. Камактагылар өзгөчө оор кылмыштары, "адам өлтүрүү, жашы жете электи зордуктоо" үчүн жаза өтөп жатышкан. 

Качкындар 10 жана 21 жылга эркинен ажыратылгандар болчу. Ыкчам-тергөө тобу качуу аракети боюнча иликтөөнү баштады. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.