Жаңылыктар
Бишкекке учуп келген тажикстандык 189 жаран кайра артка жөнөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекке учуп келген тажикстандык 189 жаран кайра артка жөнөтүлдү

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке учуп келген тажикстандык 189 жаран кайра артка жөнөтүлдү. Алар менен чогуу келген тогуз чет элдик адам өлкөгө киргизилип, тажик жарандары өткөрүлгөн жок. 

"Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова бул кыргыз-тажик чек арасынын убактылуу жабылганына байланыштуу экенин айтты.

25-майда түнкүсүн Тажикстандын "Сомон Эйр" авиакомпаниясы менен Кыргызстанга учуп келген жана алар кайра келген учактарында артка кайтышкан. Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө, ары-бери жүрүүсүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө "убактылуу чектөө" коюлган. Буга чейин тажикстандыктар Кыргызстандагы аэропорттор аркылуу дээрлик күн сайын Орусиянын түрдүү аймактарына учуп турушкан.