18-июндан баштап "Тез жет" компаниясы Жалал-Абад шаарынан Ысык-Көлдүн Тамчы аэропортуна түз каттамын ишке ашыра баштайт. Маалыматка караганда, каттамдын күнүмдүк же апталык болушу жүргүнчүлөрдүн санына жараша аныкталып, такталып анан таблица түзүлөт.
Жалал-Абаддан Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата, Каракол шаарларына 2000-жылга чейин учак каттаган. Кийин жайында гана мезгилдик авиакаттам уюштурулуп, акыркы каттам 2013-жылы аткарылган.