Жаңылыктар
Шектүү көз жумганына байланыштуу Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча иш токтотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Шектүү көз жумганына байланыштуу Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча иш токтотулду

Шектүү көз жумганына байланыштуу 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча иш токтотулду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин өз жанын кыйган Замирбек Теңизбаевге адам уурдоо, киши өлтүрүү, зордуктоо боюнча сыртынан айып тагылганы маалымдалган. Мындан тышкары, УКМК тарабынан айрым милиция кызматкерлерине карата Жазык кодексинин "Шалаакылык" беренеси боюнча иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Белгилей кетсек, 5-апрель күнү эртең менен саат жетилер чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга кабарлашкан. 

Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан. 7-апрелде изделип жаткан унаа Бишкектин чет жагындагы Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген. Унаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кызды ала качууга катыштыгы бар делип төрт шектүү кармалган. Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынган. Айзаданын жакындарынын адвокаты соттук-медициналык экспертизада ал киши колдуу болгонго чейин зордукталганы аныкталганын айтып чыккан. Муну милиция дагы тастыктаган.