Жаңылыктар
Бишкек — Ош жолундагы кырсыктан 5 адам каза болду
Кырсык
Бишкек — Ош жолундагы кырсыктан 5 адам каза болду

Бишкек — Ош жолундагы кырсыктан 5 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

Малыматка караганда, Бишкек - Ош унаа жолунун 170-чакырымындагы Суусамыр өрөөнүндө Toyota Camry менен MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын ичиндеги 2 эркек, 1 аял жана бир бала каза болгон. Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгондордун сөөгүн унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.