Мусулмандар дин башкармалыгында түзүлгөн атайын комиссия өткөн жылы ажылык сапар үчүн чогулган акчаны эсептеп чыкты. Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазиевдин колу коюлуп, Аалымдар кеңешинин “Фейсбуктагы” баракчасында жарыяланган документте чогулган акча кандай которулганы жана канчасы коротулганы тууралуу кенен жазылган.
Өткөн жылы ажылык сапарга баруу үчүн 9 526 адам катталып, анын ичинен 5 519 зыяратчынын ар бири муфтияттын банктык эсебине 3 350 доллардан төлөшкөн. Натыйжада чогулган 11 млн 418 200 доллардын 1 млн 894 155 доллары коротулган. Былтыр пандемиядан улам ажылык үзгүлтүккө учурап, зыяратчылардын акчасы иштетилбей калган. Муфтият 2020-жылдын август айында “Салык өкүлү” жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүп, бул фирмага банктагы эсебинен 155 миллион сом которуп берген. Эки тараптын мөөрү басылган келишим боюнча аталган компания 155 миллион сомду өткөн жылдын 31-декабрына чейин кайта бермек.
Бирок убада кылынган акча толук кайтарылган эмес. Белгилей кетсек, 10-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ажылыктын акчасына байланыштуу иште шектүү катары муфтияттын башкы эсепчиси Жеңишбай Бекиевди жана ошол кездеги муфтий Максатбек Токтомушевди кармаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-февралда Токтомушевдин бөгөт чарасын карап, жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. Бул окуялардан улам Токтомушев кызматтан өз эрки менен кеткен. https://www.azattyk.org/a/31273942.html