Жаңылыктар
Алдыдагы күз-кышта жарыксыз калбаш үчүн, адистер электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууну эскертишүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Алдыдагы күз-кышта жарыксыз калбаш үчүн, адистер электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууну эскертишүүдө

Азыркы учурда өлкөнүн энерго тутуму кейиштүү абалда. Ири ГЭСтерде жабдыктар эскирип, Токтогул суу сактагычы бөксө. Ал эми керектөөчүлөрдүн саны арбып жаткандыктан, электр жарыгына талап жыл санап жогорулоодо. Андыктан алдыдагы күз-кышта жарыксыз калбаш үчүн, адистер жарыкты сарамжалдуу пайдаланууну эскертип жатат. Ал ортодо энергетика тармагындагы реформа бир нече багыт боюнча башталар алдында турат. 

Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд куб метрге жакындады. Адистердин айтымында, бул дагы деле төмөн көрсөткүч, азыр суунун тартыштыгы орун алып жаткан маал. Бирок, энергетиктер электр энергиясын өндүрүү боюнча планды толук аткарууну көздөп жатышат.