Жаңылыктар
Өлкөдө өсүмдүк майы менен кум шекердин чекене үстөк баасы белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө өсүмдүк майы менен кум шекердин чекене үстөк баасы белгиленди

Өлкөдө өсүмдүк майы менен кум шекердин чекене үстөк баасы белгиленди. Бул азык-түлүктөрдүн дүңүнөн өткөрүү баасына үстөк 10 пайыздан 13 пайызга чейин коюлду. Буйрук Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги тарабынан кабыл алынып, 25-майдан тарта күчүнө кирди.

Бүгүнкү күндө 1 литр өсүмдүк майынын базар баасы 150-170 сом, 5 литри 700-900 сомду түздү. Ал эми бир кил кум шекер 59 сомдон 65 сомго чейин сатылууда. Сатычуулардын айтымында, быйылкы пандемиялык шартта азык-түлүктөргө болгон баа жогорулап, азыктардын баасы бир кыйла өстү.