Санарип экономиканы өнүктүрүү үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жайылтуу жана бардык аймактарды жеткиликтүү интернет менен камсыз кылуу зарыл. Бир катар көз карандысыз эксперттер алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасын талкуулады.
“Электрондук соода индексинде” Кыргызстан 152 өлкөнүн ичинен 97-орунда турат. Аталган рейтинг мамлекеттердин санарип экономикасынын абалын аныктап, анда бир нече жагдайлар эске алынган. ЮСАИД уюму бир катар эксперттер менен бирге байкоо жүргүзүп, анын жыйынтыгын чыгарды. Изилдөөгө катышкандар санарип экономиканы алдыга жылдырууда мамлекеттик орду өзгөчө экенине токтолушту.