Чет жерде кайтыш болгон жарандын сөөгүн алып келүү чыгымын эми мамлекет мойнуна алат. Белгилей кетсек, ушул жылдын февраль айында өлкө башчысы "Чет өлкөдө каза болгон Кыргызстандын жарандарынын сөөгүн мекенине кайтаруу тартиби жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Аны ишке ашыруу үчүн Министрлер кабинети атайын токтом кабыл алган.
Чет өлкөдө каза болгон кыргызстандык жарандардын сөөгүн мекенине алып келүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн маркумдун жакындарына бир жолку төлөм каралды. Маркумдун туугандары бул төлөмдү Кыргызстандын аймагында ТИМдин алдындагы Тышкы миграция департаментинен же чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн ала алат.