Жаңылыктар
Элеттеги аялдарды колдоо. Айымдар өндүргөн продукциясын сатып, киреше табууну улантууда
Кыргызстан жаңылыктары
Элеттеги аялдарды колдоо. Айымдар өндүргөн продукциясын сатып, киреше табууну улантууда

Ош, Жалал-Абад жана Нарын облусунда жашаган аялдар эл аралык уюмдардын колдоосу менен кол өнөрчүлүктөн киреше табат. Бир жыл ичинде, БУУнун аялдарга көмөк көрсөтүү долбоорунун алкагында 500дөй аял, колго жасалган түрдүү буюмдар, улуттук азыктарды, кыямдарды жасаган. Аны "Бирдем" деген аталыш менен сатууга чыгарып, каражат табышты.

Колунан көөрү төгүлгөн уз айымдардын тобу, айылдын түйшүгүнөн сырткары бош убактысында улуттук-буюмдарды жасап, аны сатып, киреше табышат. Чыгымдарына эл аралык уюмдар жардам берип, алардын шыгын арттырууда.