Жаңылыктар
Таласта суу ташкыны 46 турак жайды каптады
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта суу ташкыны 46 турак жайды каптады

Таласта суу ташкыны 46 турак жайды каптады. Арасында социалдык объектилер да бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 25-май күнү кечки саат алты отуздар чамасында Бакай-Ата районунда кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Маматай, Көк-Теке коктуларынан келген суу "Калинин" каналынан ашып, Түйтө айылындагы үйлөрдү, Бердике айылындагы айдоо жерлерди каптаган. 

Табигат кырсыгынан Талас районунда да айдоо аянттары, жолдор жарактан чыккан. 26-майда адистер жеринде тактоо жүргүзүп, материалдык чыгымды 3 млн 277 миң сом деп эсептеди. Тиешелүү адистер, техника менен тазалап калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү.