Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз түрдө аскердик-техникалык жардам көрсөттү. Техникалар Улуттук гвардиянын имаратында тапшырылды. Иш-чарага Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен Кытайдын элчиси Ду Дэвень катышты.
Министр менен элчи аскер каражаттарын көрүп, техникалык мүнөздөмөлөрүн талкуулашты. Өмүралиев Кытайга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, кызматташуунун тереңдешине ишенимин билдирген. Аскердик-техникалык жардам, эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосунда кол коюлган келишимдердин алкагында жиберилген.