Жаңылыктар
Медициналык тейлөөлөр үчүн расмий эмес төлөмдөрдү жоюу зарыл
Ден соолук
Медициналык тейлөөлөр үчүн расмий эмес төлөмдөрдү жоюу зарыл

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасы Марат Калиевди кабыл алды. Фонддун төрагасы анын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, пландары жана милдеттери тууралуу айтып берди. 

Өкмөт башчы саламаттык сактоо тутумунун артыкчылыктуу багыты катары оорулардын алдын алуу маселеси эсептелерин белгилеп, сунушталган медициналык тейлөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле медициналык тейлөөлөр үчүн расмий эмес төлөмдөрдү жоюу зарыл экенин айтты. 

Калиев - кардар бир катар тейлөөлөрдү жаңы программаларга ылайык кабыл алууга жана төлөөгө мүмкүндүк алуусу үчүн каржылоо тутумун кайрадан карап чыгуу милдети турганын, ошол эле учурда бир катар милдеттерди ири стационарлардын деңгээлинде өз алдынча чечүү зарылдыгы турганын билдирди жана үй-бүлөлүк дарыгерлер жетишсиз экенин кошумчалады.

Премьер - саламаттык сактоо мекемелеринин калкка сапаттуу медициналык-профилактикалык көмөк көрсөтүү боюнча ишинин натыйжалуулугун күчтөндүрүү тапшырмасын берди.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118