Жаңылыктар
Азиз Суракматов УКМКнын тергөө абагына 48 саатка камакка алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Азиз Суракматов УКМКнын тергөө абагына 48 саатка камакка алынды

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов УКМКнын тергөө абагына 48 саатка камакка алынды. Буга чейин Суракматов УКМКнын шаардык башкармалыгына суракка чакырылганы айтылган. 

Ал суракка кечээ саат 16:00дө кирген болчу. Алдын ала маалыматтар боюнча, мурдагы калаа башчысына "Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча айып коюлууда. УКМКнын маалымат кызматы бул боюнча азырынча расмий кабар жок экенин айтып, маалымат келе электигин белгиледи. Суракматов шаардык мэрияны 2018-жылдан 2020-жылдын октябрь айына чейин башкарган.

Экс-мэр башында турган "Кыргызстан элдик демократиялык партиясы" шайлоодо Бишкек шаардык кеңешинин түзүмүнө өткөн. Бирок алар добуш сатып алууга айыпталып, шайлоо жарышынан четтетилген.