Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди. Жумушчу топ үйлөрдүн электр зымдарын, трансформаторлорду жана жабдууларды оңдоп-түзөө менен алектенишет.
Саат 9:00дөн 17:00гө чейин — 10-кичи райондогу №34 үйдө жана Арча-Бешик жаңы конушунда Кең-Суу, Эр-Тайлак, Шералиев, Чатыр-Көл көчөлөрүндө;
Саат 10:00дөн 17:00гө чейин — Карпат, Ахунбаев, Элебесов, Токтоналиев көчөлөрүндө, Ч.Айтматов проспектиси жана Сумский менен Орто-Токой көчөлөрүнүн кесилишинде;
Саат 9:00дөн 18:00гө чейин — Балбан-Таймаш жаңы конушунда Патриса Лумумба көчөсүндө;
Саат 9:30дан 19:00гө чейин — Ылдыйкы Төкөлдөш жаңы конушунда "Мадина" базарынын аймагы, Чынар, Менделеев, Төкөлдөш көчөлөрүндө;
Саат 9:30дан 17:00гө чейин — Ынтымак, Киргизия-1 жана 2 жаңы конуштары, Чоң-Арык жана Манас айылдары Славгород, Кырман, Центральная, Самойленко көчөлөрүндө;
Саат 9:30дан 16:00гө чейин — Лев Толстой, Лущихин көчөлөрүнүн жана Чүй проспектиси тилкелериндеги №16, 25, 34, 35 үйлөрүндө;
Саат 12:00дөн 18:00гө чейин — Ала-Тоо жана Ак-Ордо жаңы конуштарында жарык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.