Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн ичинен 140 бала Ысык-Көлгө эс алууга жолго чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүдө айтылгандай, бул балдар президенттин демилгеси жана колдоосу менен коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын уюштуруусу астында эс алышат. Облустун чек аралаш аймактарынан барган 140 бала, 6 мугалим 10 күн бою Ысык-Көл облусунда эс алууда болушат.
Андан соң балдар Баткен облусундагы Кадамжай “Семетей” лицейинде дагы 15 күн эс алышат. Балдарды Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев жана район-шаар башчылары узатышты. Балдар бүгүн Ош аэропорту аркылуу Тамчыга учушат.