Жаңылыктар
Коронавирустун индиялык штаммы дүйнөнүн 53 өлкөсүндө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Коронавирустун индиялык штаммы дүйнөнүн 53 өлкөсүндө катталды

Коронавирустун индиялык штаммы дүйнөнүн 53 өлкөсүндө катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ар апта берилүүчү отчётто билдиргендигин чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, коронавирустук инфекциянын индиялык штаммы дүйнө жүзүндөгү 53 өлкөдө катталган. Ошондой эле болжол менен дагы 7 өлкөдө индиялык штаммдын белгилери байкалган учурлар кездешүүдө. Алар Австралия, Кытай, Жаңы Зеландия, Филиппин, Түштүк Корея жана Франциянын Реюньон аймагында. Аталган уюмдун билдирүүсүнө ылайык, акыркы апта ичинде индиялык штамм Алжир, Бразилия, Гана, Финляндия, Кюрасао, Кенияда катталган. 

Белгилүү болгондой, Индия өлкөсү коронавирустун индиялык штаммын ушул жылдын март айында аныкталганын кабарлашкан. Коронавирустун бул түрү эки эсе мутацияга ээ жана кооптуу.