Жаңылыктар
Балдардын жөлөк пулу жогорулайт
Кыргызстан жаңылыктары
Балдардын жөлөк пулу жогорулайт

Республика боюнча ай сайын 370 миңден ашуун адам жөлөкпул алат. Бул тууралуу бүгүн Социалдык өнүгүү жана эмгек министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, алардын ичинен 287 миң адам аз камсыз болгон үй-бүлө. 

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жөлөкпул алгандардын саны 5,2%га кыскарды. 3 жыл аралыгында 74,2 миң бала жакырчылыктан чыкты. Жалпы өлкө боюнча ар бир сегизинчи бала жөлөкпул алат. Аны менен Базарбаев, кепилденген минималдык киреше 763 сомго көбөйгөнүн жана алдыда аны 900 сомго чейин көтөрүү маселеси турганын кошумчалады. 

Мындан тышкары 17ден ашуун кош бойлуу аялга, 5000 адамды акыркы сапарга узатууга жөлөк пул төлөнгөнүн билдирди. 

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө жумушсуздуктун расмий көрсөткүчү 8 пайыздын тегерегин түзөт. Ал эми ушул кезде жумуш издеп жаткандардын саны 87 миңге жакын. Башкача айтканда, ар бир бош кызматка 14 кишиден туура келет.