Жаңылыктар
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов КМШ өкмөт башчыларынын жыйынына катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов КМШ өкмөт башчыларынын жыйынына катышат

Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Беларустун Минск шаарында өтүүчү Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. 

Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчылары жана делегация мүчөлөрү интеграция жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулайт. Иш-чаранын жүрүшүндө Улукбек Марипов жана Азербайжандын премьер-министри Али Хидаят оглы Асадов эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкууламакчы.

Мындан тышкары, делегация башчыларын Беларусь президенти Александр Лукашенко кабыл алат.