Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушту.
Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Өмүралиев министр Чавушоглу менен Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун алдыда боло турган расмий иш сапары, эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңешинин 5-жыйынын үстүбүздөгү жылдын июнь айында Анкара шаарында өткөрүү маселесин талкуулашты. Андан тышкары, элчи менен министр эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелери боюнча ой бөлүштү.