Жаңылыктар
Бишкекте шаар тургундары автобус жана троллейбустарда QR-код менен жол кире төлөй алышат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте шаар тургундары автобус жана троллейбустарда QR-код менен жол кире төлөй алышат

Бишкекте шаар тургундары автобус жана троллейбустарда QR-код менен жол кире төлөй алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Тулпар" командасы QR-кодун колдонуп, муниципалдык коомдук транспортто жол кире акысын төлөөнүн сынамак долбоорун баштады. 

"Жол акысын төлөө үчүн телефонуңузда "Тулпар" тиркемесин ишке киргизип, төмөнкү оң бурчтагы кошуу белгисин басып, QR-кодун сканерлеп же троллейбустун кире беришиндеги салондо жайгашкан транспорттук кодду түздөн-түз теришиңиз керек", - деп айтылат билдирүүдө. 

Мэриядан кошумчалашкандай, жол акы төлөнгөндүгүн ырастоону "жүрүү тарыхы" бөлүмүнөн көрүүгө болот. "Урматтуу шаардыктар! №2, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 14, 17 троллейбустун бардык каттамдарында жана №38 автобус каттамында QR-кодун колдонсо болот. Жакында транспорттун калган бөлүгүнө QR-коддорун орнотобуз", - деп кошумчалашты мэриянын басма сөз кызматынан. 

Белгилей кетсек, функция жеткиликтүү болушу үчүн "Тулпар" мобилдик тиркемесин жаңыртуу керек.