Кыргызстан 2026-жылга чейинки мезгилге кургак учук менен күрөшүү боюнча алтынчы улуттук программасын иштеп чыгууга киришти. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Кургак учук-5” программасы өзүнүн иш-аракетин быйыл аяктайт. Саламатттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетектөөчү адиси Анара Мамбетисаеванын айтымында, атайын буйрук менен бекитилген жумушчу топ түзүлүп, ага эксперттер, республиканын кургак учукка каршы кызматынын адистери, жарандык сектордун, өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү кирди.
Кыргызстанда кургак учук боюнча Улуттук программалар 1998-жылдан тарта “Калкты кургак учуктан коргоо жөнүндө” жана “Кыргызстан жарандарынын ден соолугун коргоо жөнүндө” Мыйзамдардын негизинде кабыл алынууда. Мурунку бардык программалардай эле, “Кургак учук-6” Улуттук программасы да, тилекке каршы, кургак учук көйгөйлүү дүйнөнүн Топ-30 өлкөсүнө кирген Кыргызстанда кургак учук менен ооруну жана өлүмгө учуроону мындан ары төмөндөтүүгө багытталган.
“Кургак учук-6” программасын иштеп чыккандар COVID-19 пандемиясынын терс таасири сыяктуу мурун болбогон чакырыктарга тийиштүү жооп бере ала турган документ болушу керек. Кыргызстандын COVID менен байланышкан тажрыйбасы өлкөдө кургак учукка каршы кызматында жүргүзүлгөн реформалар анын экстремалдык шарттарда натыйжалуу иштешине жардам бергенин көрсөттү.