Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Кытайдын Хенан мамлекеттик университети биргелешип атайын окуу жай ачканы жатышат.
Ал Жибек Жолундагы институт деп аталып азыркы заманда көбүрөөк суроо-талапка жооп берген кесиптер боюнча билим берет. Бул тууралуу Бишкекте өткөн кыргыз-кытай кызматташтыгынын 30 жылдык алакасына арналган эл аралык симпозиум учурунда айтылды.
Иш-чарада Кыргызстан эгемендикке ээ болгон жылдар ичиндеги Кытай мамлекети менен Кыргызстандын алака-катыш мамилелери талкууланып, маданий гуманитардык байланыштардын жыйынтыгына баа берилди.