Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңеши Баткендеги чек ара окуясында милиция кызматкерлери кандай иштегенин талкуулады.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, чек ара окуясы республиканын укук коргоо кызматкерлери үчүн гана эмес, Кыргызстандын жарандары үчүн да оор сыноо болгонун айтты. Анын кесепетинен жарандар жана күч органдары оор жоготууларга учурады, үч милиция кызматкери курман болуп, бир нече кызматкер жаракат алышкан.
Баткен районунун бардык чек арадагы айылдары толугу менен миилция кызматкерлери жана Ички аскер күчтөрү тарабынан кайтарууга алынган. Блокпосттор орнотулуп, патрулдук милиция топтору күнү-түнү коомдук тартипти камсыз кылышкан. Натыйжалуу жыйынтык болушу үчүн ыкчам штаб түзүлүп, жалпысынан 53 кайгуул-күзөт каттамы уюштурулган.
Коомдук кеңештин төрагасы Ялкун Даутовдун айтымында - Баткен облусунда бир ай мурда болуп өткөн кайгылуу окуялар ички иштер органдарынын иши канчалык маанилүү экендигин көрсөттү жана тынчтыкты сактап калууда Ички аскер кызматкерлеринин салымы өзгөчө болду.