Бишкектин Биринчи Май райондук соту Elite house курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевди сырттан камакка алуу чечимин чыгарды.
Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, соттун чечими менен шектүүнүн ЖАМКтын №1 абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалды. Маалыматта шектүүнүн сырттан баш коргоо чарасы тандалып жатканда анын мөөнөтү аныкталбай турганы айтылат. Эскерте кетсек, Файзиев коррупцияга катыштыгы бар деп шектелүүдө.