Жаңылыктар
ТИМ: Өлкө аймагында жүргөн тажик жарандары беш өткөрүү пункту аркылуу чыгып кетсе болот
Кыргызстан жаңылыктары
ТИМ: Өлкө аймагында жүргөн тажик жарандары беш өткөрүү пункту аркылуу чыгып кетсе болот

Кыргызстандын аймагында жүргөн тажик жарандары беш өткөрүү пункту аркылуу чыгып кетсе болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, бул министрлер кабинети тарабынан убактылуу чектөөлөрдүн киргизилишине байланыштуу. Кыргызстандын аймагында жүргөн Тажикстандын жарандары кыргыз-тажик чек арасындагы төмөнкү өткөрүү пункттары аркылуу гана чыгып кете алышат. Алар: «Кулунду», «Кайрагач», «Кызыл-Бел», «Бордобо», «Карамык».

Ошону менен бирге министрлик убактылуу чектөөлөр Тажикстандын жарандарына - чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын кызматкерлерине жайылбай тургандыгын белгилейт. Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасында убактылуу чектөөлөрдү киргизген болчу.