Жаңылыктар
Муфтийди шайлоо мөөнөтү 26-июнга жылдырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Муфтийди шайлоо мөөнөтү 26-июнга жылдырылды

Аалымдар Кеңешинин жыйынында өлкөдөгү пандемиялык абалдан улам Кыргызстан мусулмандарынын курултайын 26-июнга жылдыруу, Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын курамын өзгөртүү боюнча чечими кабыл алынды. 

Муфтияттын уставындагы эрежеге ылайык, Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна жана Муфтийликке талапкерлер кайра көрсөтүлүп, сынактан өтөт. Буга чейин Муфтийликке алты, Борбордук текшерүү комиссия төрөгалыгына 13 талапкер катталган. Ал эми 21 мүчөсү бар Аалымдар кеңешинин курамына кирүү ниетин 49 киши билдирген. Сынак быйыл 17-февралда жарыяланган. 

10-февралда УКМК мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевди башкармалыктагы мыйзамсыз финансылык иштер боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү катары кармаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 12-февралда жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. 11-февралда Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан арызын канааттандырган. Азыр муфтийдин милдетин Жоробай Шергазыев аткарууда.