Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Баткендеги чек арачылардын жашоо шартын көрдү
Чек ара
Президент Садыр Жапаров Баткендеги чек арачылардын жашоо шартын көрдү

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Баткен районундагы «Капчыгай» чек ара тозотуна жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен шаарындагы № 2022 аскер бөлүгүнө барды.

Мамлекет башчысы бөлүктөр жайгашкан имараттардын абалы, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө жана жашоо шарттары менен таанышып, алар менен баарлашты. Президент аскер кызматкерлерин кесиптик майрамы — Кыргызстандын Чек ара кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, бардык мекендештерге ачык асман жана тынчтык каалады.

Садыр Жапаров өз сөзүндө мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялардагы чек арачылардын эрдигин өзгөчө белгиледи. Мамлекет башчысы Чек арачылардын тайманбастыгы өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калууга жардам берип, жаңжалдын курчуп кетишине бөгөт койгонуна жана абалды жөнгө салуунун бирден-бир жолу — тынчтык жолу менен сүйлөшүү аркылуу чечүү болгонуна токтолду. Жоокерлерге аскердик маанайды, моралдык духту бийик сактоону каалаган Президент Садыр Жапаров «Ардактуу меймандар» китебине каалоо-тилектерин жазып калтырды.