Жаңылыктар
Көчмөндөр оюнун чагылдырууга чет өлкөлүк журналисттер ашыгууда
Маданият
Көчмөндөр оюнун чагылдырууга чет өлкөлүк журналисттер ашыгууда

Евроньюс телеканалы кечээтен баштап Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну жөнүндө ролигин эфирден берүүдө. Анда кыргыз элинин улуттук оюндары жана маданияты тууралуу айтылат. Эскерте кетсек, Евроньюс телеканалын дүйнөдөгү көрүүчүлөрдүн 90 пайызы көрөт. 

Көчмөн кыргыз элинин маданиятынын даңазасын арттырган ролик бир жылдан ашык убакыттан бери жергиликтүү теле каналдарда берилип келсе, эми анын кулачы Евроньюска жетти. Кыргызстанды даңазалоого эгедер болгон роликти эми Евроньюстан дүйнө эли көрөт
 Албетте, дүйнөнү дүңгүрөткөн дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алдында роликтин берилиши Кыргызстандын беделине данакер болот. Анткени Евроньюсту төгөрөктүн төрт бурчу, дүйнө элинин басымдуу бөлүгү көрөт.

Роликте көчмөн элдин басып өткөн жолун эле эмес, кыргыз жеринин көркөмдүгү да көрсөтүлөт. Асман тиреген аска-зоолор, көк мелжиген мөлтүр булак суусу, көк жайыгы даңкталат. Албетте, аны көргөндөрдүн бүйүрү кызып, Кыргызстанды бир көрүп кетүүгө ашыкпай койбойт.
Эмитен эле чет өлкөлөрдөн Көчмөндөр оюнун чагылдырууга ашыккан журналисттер четтен чыгат. Азыр 57 өлкөдөн арыз келип түштү. Алар: Азербайжан, Беларуссия, Германия, Малайзия, Нидерланды, АКШ, Израил, Түркия, Япония, Китай, Франция жана башка мамлекеттер. Аккредитациядан өткөрүү компаниясы 10-августка чейин жүргүзүлөт. Ал эми каттоодон өткөн журналисттер 20сынан 25-августка чейин бейджиктерин алышат. Ансыз алар оюнга киргизилбейт. Атайын көрсөтүлгөн эрежелерге дагы баш ийүүсү керек.
Мындан тышкары жергиликтүү ММКлардын 46сы арыз берди. Мындан тышкары, оюндун ачылыш жана жабылыш аземи эле эмес, этно-спорттук мелдештерди Россиянын “Матч ТВ” телеканалы түз алып көрсөтөт. Албетте, иш-чараны Кыргызстандагы каналдардын көч башында турган КТРКдагы адаттагыдай эле түз ободо берет. 



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118