Кыргызстандын энергетика тармагы акыркы 60 жылдын аралыгында элге армансыз эле кызмат кылып келди. Нарын дарыясынын томонку агымында курулган Токтогул, Курп-Сай, Таш-Комур, Шамалды-Сай жана, энергетиканын ардагер мекемеси саналган, Уч-Коргон суу электр станциялары ушул кунго чейин Кыргызстандын гана эмес, Борбордук Азиянын бир топ олколорунун электр энергиясына болгон муктаждыктарын толук камсыз кылууга жетишип келген. Электр энергиясынын арзан ондуруму - бир жагынан, социалисттик олконун элге карата коруп келген комкордугунан улам пайда болгон электр жарыгынын эбегейсиз арзан тарифтери ушул кунго чейин элди эркелетип келгендей сезилет. Ошол эле Советтер союзунун учурундагы женилдетилген, дотациялык тарифтер базар экономикасына биз менен бирге конумуш адат катары отуп келгени да талашсыз.
Адистердин айтымында, кийинки 30 жылдан бери пайдалануучуларга сатылып келген арзан энергия кун откон сайын жалпы тармактын тамырына балта чапкан менен барабар болуп келуудо. Анткени, союз учурундагы госплан, дотациялык каржылоо, кучтуу экономика жана ондуруштук индустриянын колдоосу тарыхта кала берди. Ал эми Кыргызстандын мамлекеттик казынасы мындай женилдетуулорду которо албаганын билип, сезбеген жаран арабызда болбосо керек. Ошого карабай, жалпы электр энергиясынын пайдалануучулары эркелигин койбой, женил тарифтерден ажырагысы келбей келет.
Ал ортодо, энергетика тармагынын койгойлору кобойгондон кобоюп келгенин адистер жашыра албай калды. «Ооруну жашырсан - олум ашкере кылат» деген элдин созу бар эмеспи. Анысы кандай, энергетика тармагынын койгойлоруно бугунку кундон тартып катуу конул бурбасак, эртен бул тармактан кол жууп калышыбызда шек жок. Шам чырак менен май тутук пайдаланган замандардын кайтып келишин кутпой, тармакты реформалоого жол берели, дейт эксперттер. Буга чейин энергетика тармагын реформалоо боюнча бир нече жолу аракет жасалып келген. Бирок, ал аракеттердин бирин да жемиштуу аягына чыкты деп айтуу чындыкка туура келбейт. Олконун мурунку жетекчилери бир жагынан тармакты колдоого аракет кылса, экинчи жагынан элдин конулун карап, тарифтерди озгортууго жол бере албай келген. Ошондон улам, тармактагы реформалар кобуроок коз боёмочулук кадамдарга окшоп келгенин адистер жашырбай айтууда.
Бугунку кундун башкы талаптарынын бири - энергетика тармагын сактап калуу милдети болуп саналат. Тарифтик саясатын жаныдан иштеп чыгуу, базар экономикасынын талаптарын конулго алуу менен, электр жарыгынын бааларын озгортуу керек, дейт адистер. Ошону менен бирге, алардын пикиринде, жаны тарифтик саясатын иштеп чыгууда элдин арасындагы кыйын абалда, жакырчылыкка жакын жашаган катмарларын эске алуу абзел.